8-ирет ата болду. Ырчы, куудул Жеңишбек Айтиев кыздуу болду

Бүгүн, 21-мартта ырчы, куудул Жеңишбек Айтиев кыздуу болду. Кубанычы менен тең бөлүшкөн ал, учурда эне-баланын ден соолугу жакшы экенин айтат.

«XXI кылым, 21-жыл, 21-мартта кыздуу болуп, 8-ирет ата болдум. Наристе 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлдү. Атын Акжуурат коёлу деп жатабыз. Кубанычым койнума батпай кубанып турам. Куттуктап жаткандардын баарына ыраазычылык билдирем», — дейт ал.