Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын куруу иштери расмий түрдө башталды.
Курулуп жаткан жаңы имараттын жалпы аянты окуу корпусту жана жатакананы кошкондо болжол менен 13 600 чарчы метрди түзөт. Имарат жер төлөөсү менен кошо сегиз кабаттан турат жана заманбап талаптарга ылайык бардык керектелүүчү жабдуулар менен толукталат.
Министрлик билдиргендей, окуу жайдын жаңы имаратын курууга Турукташтыруу фондунан 750 000 000 (жети жүз элүү миллион) сом каражат бөлүнгөн.
Жаңы окуу корпусу 2026-жылдын 31-декабрында пайдаланууга берилиши пландалууда. Имаратта ашкана, жатакана, 300 орундуу чоң концерттик зал, 5 кичи концерттик зал, конференц-зал, спорт комплекси жана жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай каралган.
Техникум 1939-жылы октябрда Фрунзе шаарында уюшулган. 1945-жылы 25-майда Кыргыз ССРинин эл артисти Мураталы Күрөңкеевдин ысымы ыйгарылган. 2024-жылдын августунда президент бул билим берүү мекемесине улуттук статус берген.