Быйылкы майрам күндү белгилөө “Камбаркан” жана “Ибарат” өңдүү чыгармалары улуттук музыканын классикасына айландырган залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул күнү Улуттук филармонияда Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт. Мындан сырткары Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.
9-сентябрда Комуз күнү белгиленет
9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
- Categories: МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
Related Content
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Автор
Айзада Тураркулова
10:24 22.01.2026
Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
19:01 25.12.2025
«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү
Автор
Эдита Ильясова
10:39 22.12.2025
Рыспай Исаков: "Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм"
Автор
Гүлмайрам Сабирбекова
09:47 12.12.2025
Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү
Автор
Гүлмайрам Сабирбекова
09:28 11.12.2025