Алина Жетигенованын жолдошу каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын жолдошу каза болду. Маалыматты ырчынын жакындары тастыктады. Анын оорудан каза болгону айтылууда.

SUPERTV буга чейин Алина Жетигенова менен байланышканда, ал жолдошу бир канча күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө жатканын айткан эле.

SUPERTV`нын эмгек жамааты Алина Жетигеновага жана анын үй-бүлөсүнө, уулдары жана кызына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.