«Аалам периси» сынагында Кыргызстандын өкүлү Алтынай Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы үчүн уюштуруучулар кечирим сурашты. Бул тууралуу аталган сынактын соцтармактагы баракчасында жазылды.
АКШнын Нью-Орлеанында өтүп жаткан сынак 12-январда башталган жана ал бүгүн, 14-январда жыйынтыкталат. Ага 86 өлкөнүн сулуусу катышууда.