«Аалам периси» сынагында Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы үчүн сынактын жетекчиси кечирим сурады

«Аалам периси» сынагынын башкы директору Эми Эммерих 15-январда Кыргызстандын өкүлү Алтынай Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы үчүн кечирим сурады. 

«Менин атым Эми Эммерих. Мен Miss Universe уюмунун башкы директорумун. Мен Кыргызстандын элинен жана Алтынайдан кечирим сурайм. Тилекке каршы, алып баруучубуз Кыргызстандын аталышын туура эмес айтыптыр. Бул ката үчүн эч кандай актануу жок жана кечирим сурайбыз. Андыктан кийинки жолу этият болобуз деп убада берем. Кечирим сурообузду кабыл аласыңар деп үмүттөнөм”, — деди Эммерих.

Ботоярова Эммерихке чын жүрөктөн кечирим сураганы үчүн ыраазычылыгын айтты. «Мен 2021-жылдагы Кыргызстан сулуусумун жана өз өлкөмдү Кыргызстанды сыймыктануу менен көрсөтөм. Бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылганы үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиргим келет. Чоң рахмат», — деди Ботоярова.

Буга чейин Алтынай Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы үчүн уюштуруучулар кечирим сурашкан.