«Аалам периси» сынагында Ботоярованы Кыргызстандан эмес, Казакстандан келди деп тааныштырышты

Нью-Орлеанда “Аалам периси-2023” эл аралык сынагы өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова катышууда. Финал 14-январда болот.

Учурда социалдык тармактарда кыргызстандык бийкечти сынактын алып баруучулары Казакстан деп тааныштырып жатканы талкууга түштү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Кыргызстан сулуусу» сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова менен байланышканыбызда шалаакылык алып баруучудан жана уюштуруучудан кеткенин айтты. «Быйыл сынакка Казакстан катышкан эмес. Биз кайталап Казакстан эмес, Кыргызстан деп айтып жатсак да, Ботоярова сахнага чыкканда алып баручу Казакстан деп салды. Бул алып баруучунун жана уюштуруучунун шалаакылыгы. Ботоярова өзү 2 жолу барып эскерткен», — деди ал.