Абдылда Иманкулов: «Жаш кезде наам, сыйлык алабыз деген ой болгон эмес»

40 жыл сахнада жүрүп, эми гана Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган куудул Абдылда Иманкулов менен сыйлыгы тууралуу баарлаштык. «Мурункудай талаалап жүргөнгө ден соолук болбой калды. Ошондуктан карыганда окууга тапшырып, диплом алып, театрда иштесем дейм» дейт куудул.

«Наамды кеч болсо да алдык. Сахнада жүргөнүмө 40 жыл болот. Биз илгертен эле кайсы өкмөт, бийлик болбосун өгөй балдарындай болуп келдик. Бул сыйлыкка татыктуу далай инсандар кетип калды. Жаш кезде бизде наам, сыйлык алабыз деген ой болгон эмес. Балким жаштык менен жүрсөк керек. Мен азыр 60ка чыктым. Азыр да өзүмдүн үстүмөн иштейм. Бара-бара сыйлык күтөт экенсиң», — деди ал.