Абдылда Иманкулов: «Үйдө келин менен кошо жашаган кайната өзүнүн үйүндө квартирант болуп калат»

11-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Борончу Кудайбергенов тун уулу Уланды үйлөнтүп, элден бата алды. Тойго куудулдун кесиптештери, кыргыз эстрада жылдыздары келип, шаңга бөлөштү.

Тойго барган куудул Абдылда Иманкулов тамашалап, келин үйгө келген соң өзүңдүн үйүңдө квартирант болуп каларын айтты. «Тамашалап айттым. Үйдө келин менен кошо жашаган кайната өзүнүн үйүндө квартирант болот. Аялың менен урушканда да мурдагыдай өкүрүп-бакыра албай каласың. Көз менен урушуп каласың. Борончу өзү да тамак жасаганды жакшы көрөт. Эми аш басмак түгүл тузун барып көрө албайт го», — деди ал.