Төшөк видео тарап кеткен соң, көрүнбөй кеткен «Супер келинчак» тасмасындагы актриса кептерге чекит койду

2008-жылы жарык көргөн Өзбекстандын «Супер келинчак» тасмасын көрбөгөндөр жок болсо керек. Андагы актриса Диана Ягофарова учурунда 4 гана тасмага тартылган жана коомчулуктун эсинде дал ошол тасма менен эсте калган.

Ал 18 жашында драмалык мектепте окууну улантып жүрүп, белгилүү өзбек режиссёру Бахром Якубовдун назарына түшүп, өзүн кинодо сынап көрүүгө чакырган. Диана Ягофарованын жылдызы жанган учур 2008-жылга туш келген. Анда ал башкы каармандын ролун аткарган «Супер келинчак» комедиялык мелодрамасы чыккан. 

Ошондон улам күйөрмандары аны дагы көп тасмадан көрөбүз деп ойлошкон, бирок анын карьерасы режиссер Бахром Якубов менен болгон видеосунан кийин токтоп калган. Ошондон кийин ал жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат болгон эмес, бир нече жыл өткөндөн кийин ал турмушка чыгып, үч уулду тарбиялап жатканы белгилүү болгон. Актриса 15 жылдан кийин ошол видео тууралуу жана экрандан көрүнбөй кеткен себептерин айтып, ачык маек берди. Ал жолдошу менен ажырашып жатканын айтып, экөө жакшы мамиледе каларын билдирди. «Азыр жолдошум экөөбүз ажырашуу алдында турабыз. Расмий ажыраша элекпиз. Ал балдарына эң сонун ата» деген актриса келечекте бир адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн балдарынан улуу болгон кыз багып алуу планында бар экенин айтты.

Ал учурунда режиссер менен төшөктөгү видеосу тарап кеткенин, ал видео кайсы жактан тарап кеткенин билбей турганын, видео боюнча суроолорго 15 жылдан бери жооп бербей келгенин айтты. «Мен бир учурда жашоом талкаланган учур эсимде. Бир учурда бүтүндөй бир өлкөгө таанымал адам болуп ойгонсом, бир учурда ошонун баары жок болду. Негатив позитивди басып кетти. Көпкө чейин көчөгө чыкпай калгам. «Видеодогу мен эмесмин» деп жүрдүм. Өзүмдү кабыл ала албай жүрдүм. Ошондогу эң чоң катачылыгым — бул күрөшпөй койгонум. Мен аны азыр түшүнүп жатам. Бирок ал учурда 18 жаштагы кыз болчумун. Мага жол көрсөткөн адам болгон эмес. Мен башка өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгом. 1 ай башка өлкөдө жашап келгем. Эгер артка кайрыла турган болсок, видеонун чыккан күнү, андагы бизге куюп койгондой окшош адамдар, видеонун шамалдай тараганы баары пландалган. Ал учурда азыркыдай аялдардын укугун коргоо жок болчу. Бир учурда эле жашоом боштукка айланды. Мен жана менин балдарым жок болмок. Мага ошол учурду басып өтүү өтө оор болду», — деди ал.

Ал өз өлкөсүндө мындай учурга кабылган жалгыз аял эмес экенин айтып, ал аялдарга сый менен мамиле кыларын айтты. «Мен ушул менен ушул теманы жаптым. Башка эч нерсе айтпайм. Кудай тараза», — деди ал.