«Адамдар бири-бирине ишенбей калышты». Режиссёр Тынчтык Абылкасымов психологиялык драма тартууда (фото)

Режиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымов «Детектор» аталыштагы психологиялык драманы тартууда. Бул тууралуу режиссёр СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Детектор» аталышындагы драманын үстүндө иштегенибизге бир жарым жыл болду. Тасмада жаңы технологиялардын өнүгүп, бара-бара адамзаттын ордун басып, адамдар бири-бирине эмес, техникага ишеним артып баратканы тууралуу баяндалат. Фильмде Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Тилек Жумагазиев, Жамиля Сыдыкбаева, Болот Тентимишов, актёр Болот Тилебалдиев жана башкалар тартылышты», — дейт режиссёр.

Эске салсак, Тынчтык Абылкасымов калың журтка «Боз салкын» тасмасындагы Сагындын ролу менен таанылган. Анын буга чейин учурдун көйгөйү болуп жаткан Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы абал тууралуу тарткан «Чек арада» кыска метраждуу тасмасы бир нече эл аралык кинофестивалдарда байгеге ээ болгон.