Айчүрөк Иманалиеванын кызы эл аралык сынакта 1-орунду алды

Кыргызстандык катышуучу Туванын борбору Кызыл шаарында (Орусия) өткөн эл аралык “Алдын согун — Алтын жебе” сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Сынак 8-10-август күндөрү өтүп, анда Кыргызстандын атынан жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан. Ал тува тилинде “Аныяктар” жана “Курманбек” ырларын аткарган. Тывадагы сынакка Казакстандан, Башкортостан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашуун ырчы катышкан. Эл аралык “Алдын согун” сынагы быйыл алгач ирет өткөрүлүп, ал Туванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырынын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочунун жылына арналган.