Аида Багышбекованын апасы: «Кызымдын чыгармачылыгын атасы 100 пайыз колдоду»

Казакстандык «Косылайык» шоу берүүсүнө барып, түгөйүн тапкан ырчы Аида Багышбекова ата-энеси менен маек курду. Ырчы кыздын дарегине канча жакшы пикирлер айтылса, ошончо терс сындар да айтылып келет. Андай сындарды ата-энеси кандай кабыл алат, кызы менен казак жигити Нурдөөлөт менен мамилесине кандай карашат, кенен айтып беришти.

«Аиданын чыгармачылыгын атасы 100 пайыз колдоду. Мага искусство адамдары жакпайт эле. Алар үйдө болбойт дечүмүн. Анан музыкалык окуу жайга тапшырган соң, мейли ырдасын деп калдым. Өзү каалаган нерсе болсо, эмнеге болбосун дедим», — деди апасы.

Апасы кызы атасына окшош экенин айтты. «Кайненем кара тору, көзү бакырайган сулуу аял болчу. Жолдошум да апасына окшош», — деди ал.