Аида Багышбекованын атасы: «Кызыма жазылган жаман сөздөр мага катуу тийди»

Казакстандык «Косылайык» шоу берүүсүнө барып, түгөйүн тапкан ырчы Аида Багышбекова ата-энеси менен маек курду. Ырчы кыздын дарегине канча жакшы пикирлер айтылса, ошончо терс сындар да айтылып келет. Андай сындарды ата-энеси кандай кабыл алат, кызы менен казак жигити Нурдөөлөт менен мамилесине кандай карашат, кенен айтып беришти.

«Мен Аиданын Алматыга барып, «Косылайыкка» катышуусуна каршы болдум. Ага чейин ошондой берүү бар экенин билбептирмин. Бирок айтып жүрдү. Анан «атама айтыңызчы» деди. Мен атасына айттым. Атасы экөөнүн сөзү бир чыкты, а мен каршы болдум. Уруштум», — деди апасы.

«Атам менен апам ал долбоордун кандай болорун билишкен эмес. Мен чыга баштаганда, апам чалып «Кыргызстанга кел, же ошол жакта кал, келбе» деди. Менде кетем деген ойлор болду. Ошол кезде атам колдоду. Мен ошондо апама «бүгүн негатив жазып жаткандар эртең мени менен сүрөткө түшөт, мени колдойт» дегем. Ошол күнгө жеттим. Баары жакшы», — деди Аида. 

«Кызым катыша баштаганда жазылган негативдер мага катуу тийди. 1 жумадан кийин Казакстанга бардым. Редакторго жолуктум. Алып кетем деп баргам. Азыр шүгүр колдоочулар бар», — деди атасы.