Айдана Дека экинчи ирет кыздуу болору боюнча: «Эгер жолдошумдун көзүнөн өкүнүч көрсөм, мага бул сөздөр катуу тиймек»

Ырчылар, жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет ата-эне болуу алдында турат. Буга чейин түгөйлөр социалдык тармакка «Гендер патинин» (курсактагы баланын уул же кыз экенин билүү) видеосун жарыялашкан. Колдонуучуларга Аваз Акимовдун жүзүндөгү раеакциясы жакпай калган өңдүү. Дегенибиз, Интернетке тараган видеонун алдына «Аваз экинчи ирет кыздуу болоруна сүйүнгөн жок» деп жазышкан эле. Бул боюнча Айдана Дека SUPERTV телеканалына берген маегинде токтолуп, «Аваз экинчи ирет кыздуу болоруна сүйүнгөн жок» дегендер адашып жатканын айтты.

«Мен ал комментарийлерди көргөм. Эми биринчиси бул биринчиси да. Биринчи жолу кыздуу болор алдында да «Гендер пати» уюштурганбыз. Анда жолдошум өтө шайыр болчу, азыр бир аз токтолду. Мүнөзү өзгөрдү. Бизге камкор, олуттуу боло баштады. Ошол эле учурда жакшы ата. Экинчисинде деле секире берсе, уят го… Биз ал видеону киргизебиз-киргизбейбиз болуп жатып, телефон жоготуп алсак, видео ошол жакта сакталат деп киргизгенбиз. Видео съемка учурунда тартылган. Жолдошум абдан кубанды. Анын үстүнө кыз бала атага жакын болот да», — деди ал.