«Мурун Айдана мени менен жакшы сырдашчу. Азыр сырларын көп айтпайт» дейт Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева. Ошондой эле Жылдыз айым кызынын эл билбеген көп сырларын ачыктады.
«Аваз бир көргөндө эле жаккан. Анын күйөө бала болорун бир көргөндө эле сезгем»,- деди апасы.
«Аваз сөз айтканда апама айткам. 6 жаш улуу болчу, мен ал кезде кичинекей болчумун. Мага чоң көрүнчү. Апама айткандан уялчумун. Ал менин коргоочум болчу. Чыгармачылыкта жол көрсөттү. Аваз ыймандуу жигит. Ушул күнгө чейин коргоп келе жатат»,- деди Айдана.