Айдана Деканын апасы: «Качан кыздуу болом» деп күтүп жүрүп төрөгөн кызым»

«Мурун Айдана мени менен жакшы сырдашчу. Азыр сырларын көп айтпайт» дейт Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева. Ошондой эле Жылдыз айым кызынын эл билбеген көп сырларын ачыктады.

«Качан кыздуу болом» деп күтүп жүрүп төрөгөн кызым. Кичинекей буту-колун көргөндө бакытка бөлөнөсүң, жытына балкыйсың. Курсакта жатканда эле музыка жандуу болчу. Музыка бар жерге барып калсам, кадимкидей туйлачу. Мен ырчы болгум келчү, мен максатыма жетпеген соң балдарымдан көргүм келди. Ошону актап жатат»,- деди апасы.