Айгерим Расул кызы: «Атамдын ден соолугу бат калыбына келип жатат»

Ырчы Айгерим Расул кызы социалдык тармактагы баракчасына атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, атасы Расул Маматкуловдун ден соолугу бат калыбына келип жатканын жазды.

«Бүгүнкү көз ирмем. Кудайга шүгүр, атамдын ден соолугу бат калыбына келип жатат. Дуба кылып, акыбалын сурап кабатыр болгон элибизге терең ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Ырчы айым буга чейин видео менен бөлүшүп, бир ай мурун инсульт алып азыр дарыланып жатканын жазган. «Бейтаптын акыбалы видеого тартылуу сөзсүз кажет. Себеби транспортто башка жакка алып кетүүдө оорулунун акыбалы толугу менен жакындарынын жоопкерчилигинде», — деген ырчынын жакындары.