Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышып жатат.
Ал социалдык тармактагы баракчасында сынакта өзүн тааныштыруу иретинде көрсөтүлгөн видеосу менен бөлүштү.
«Аталган сынакка катышууну мага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева сунуштады. Буга чейин бир катар кароо-сынактарга катышып жүргөнүмө карабай Кыргызстандын атынан чыкканыма толкунданып жатам. Кудай буюрса, даярдык күч. Формаларымды Дубайдагы мыкты дизайнерлер менен иштешип, ошол жактан алдыртып жатам. Сынак 17-сентябрда башталып, 23-сентябрда жыйынтыкталмакчы. Дүйнөлүк сулуу айымдар сынагында Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм», — деген ал.