Айгерим Расул кызы менен Ширин Сарыгулова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Ардак грамота менен сыйлангандардын арасында Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу Ширин Сарыгулова менен эстрада ырчысы, театр жана кино актрисасы, “Кыргыз Республикасынын театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Айгерим Расул кызы да бар.