Айгерим Расул кызы өзгөчө образдары менен күйөрмандарын таң калтырып жатат

Ырчы Айгерим Расул кызы социалдык тармактардагы баракчасына жолборс, ажыдаар менен сүрөткө түшүп, күйөрмандарын бир чети кубандырса, бир чети таң калтырып жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги сүрөттөр боюнча ырчынын менеджери менен байланышканыбызда бул фотосессия атайын күйөрмандары үчүн экенин айтты. «Атайын ушундай образдарды жасап жатат. Азыр жаңы долбоордун үстүндө иштөөдө. Алдыда дагы таң калтырабыз», — деди менеджери.

Ырчы айым жолборс менен түшкөн сүрөттөр монтаж эмес экенин айтып, видео менен бөлүшкөн. «Ооба, бул тирүү жолборс. Бул цирктеги жаныбар эмес, жеке бир кишинин чакан зоопаркында ээн-эркин жургөн жолборс. Ар бир ишимди жүрөгүм менен берилип жасагандыктан, жаныбарлар дагы аны сезеби айтор ар дайым алар менен бат тил табышам. Чындыгында коркунуч сезим болбойт. Кичине үшүгөнүм эле болбосо калганы сонун болду», — деп жазган ал.