Айгерим Расул кызы сынакка катышкандардын жаш айырмачылыгы тууралуу кептерге жооп берди

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өткөн «Lady world» сулуу айымдар сынагына катышып, жеңишти багындырганы маалым. 25-сентябрь күнү ырчы айымды жакындары аэропорттон тосуп алып, кубанычы менен ортоктош болушту.

Ал суроолорго жооп берип жатып, соцтармак колдонуучулары тарабынан талкууланган сынактагы катышуучулардын жаш айырмачылыгы тууралуу түшүндүрмө берди. «Сынак 3 категорияда болду. Номинациялары да башкача болду. 1-категория 20 жаштан 40 жашка чейин, 2-категория 40 жаштан 50 жашка чейин, ал эми 3-категория 50 жаштан өйдө. Сөздөр боло берет, көрө албастык болот, муну мен күткөм. Ар бир категориядан финалга чыккандар финалда бир сахнага чыктык. Ким эле 50 жаштагы айым мени менен кантип таймашат эле? Болгону көрө албастык», — деди ал.