Айгүл Жапарова спектакль көрүүгө «Тунгуч» театрына барды

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова «Тунгуч» жаштар театры койгон Уильям Шекспирдин «Ромео жана Джульетта» спектаклинин премьерасына катышты.

Спектакль Айгүл Жапарованын колдоосу менен коюлган. Өлкөнүн жаш актёр-актрисаларынын башын бириктирген музыкалуу-хореографиялык спектаклге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссерлук кылды.