Айжамал Кабылова: «Ажырашканда ырдабайм деп чечкем»

Кезинде «Кыз-Бурак» тобунун жүзү болгон, учурдагы жеке ырчы Айжамал Кабылова SuperTV`га маек курду. «Мен бактылуумун» деген ырчы айым башынан өткөн сыноолорду кантип басып өткөнүн, кантип сынып калбай сахнага кайтып, сыноону жеңгенин айтып берди.

«Турмуштан жаңы ажырашып келген учурда, биз жөнүндө байма-бай жаңылыктар чыгып турган. Ошондо мен өзүмө-өзүм «шоу чөйрөдөн кетем» деп сөз бергем. Акыркы чечимим ушул болуп, «ырдабайм, башка иш кылам, балдарыма тарбия берем» дегем. Арадан көп өткөндөн кийин ушунча эмгегим текке кетеби деп ойлодум. «Эмне үчүн элдин сөзү, бир адамдын мага болгон жамандыгы үчүн ушунун баарын таштап салышым керек» дедим. Кайра кайтыш керек деген ой келди»,- деди ал.