Айжамал Кабылова: «Мен ажырашканда жүз бурган курбуларым болду»

Кезинде «Кыз-Бурак» тобунун жүзү болгон, учурдагы жеке ырчы Айжамал Кабылова SuperTV`га маек курду. «Мен бактылуумун» деген ырчы айым башынан өткөн сыноолорду кантип басып өткөнүн, кантип сынып калбай сахнага кайтып, сыноону жеңгенин айтып берди.

«Мен турмушка чыккандан кийин көп жыл Москвада жашадык. Арасында келип-кетип концерттерге катышып турчумун. Өзүбүзчө ырдап көрдүк. Кайын журтум деле каршы болгон эмес. Кыйынчылыкта колдогон адамдардын сап башында энем турат. Энем кандай учур болбосун колдоду. Ошол учурда кол шилтеп кеткен досторум болду. Мурда жашоодо укканда ишенчү эмесмин, бирок жүз бургандар болду. Кол сунгандар да болду»,- деди ал.