Айжан Чаначева «Жер сулуусу-2022» сынагына катышуу үчүн Манилага учуп кетти

Айжан Чаначева «Жер сулуусу — 2022» эл аралык сулуулук сынагына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасында айтылат.

«Бүгүн менин жашоомдо «Жер сулуусу» деп аталган жаңы унутулгус саякат башталат! Эл аралык сынакта өлкөбүздүн атынан чыгуу мен үчүн чоң сыймык! Мага ишенгениңиздер үчүн рахмат», — дейт ал.

23 жаштагы Айжан Чаначева Маниладагы (Филиппин) эл аралык мелдешке Бишкектен учуп кетти. Ал дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 89 катышуучу менен күч сынашат. Айжан Борбор Азия мамлекетинин атынан катышкан жалгыз катышуучу.