Айнагүл Токобаева «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды

Маданият министрлигинин буйругунун негизинде, Айнагүл Токтобаева 21-сентябрдан тарта Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды.

Ал 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери «Кыргызфильм» киностудиясында ар кандай кызматтарда эмгектенген жана 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле киностудиянын директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Айнагүл Токобаева бир катар улуттук жана эл аралык долбоорлордо продюсерлик кылып, «Кыргыз киносунун отличниги», «Маданиятынын мыкты кызматкери» жана бир топ ведомстволук грамота жана дипломдор менен сыйланган.