Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Актриса Айнаш Аширова “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды алды.
Наамды алгандардын тизмеси:
| Аширова Айнаш Шамбетовнага | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Котормо” студиясынын үн режиссеру;
|
| Байдуев Саткынбек Карабаевичке | – | Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 1 инновациялык гимназия-мектебинин музыка сабагынын мугалими, Каракол шаарынын ардагерлердин аваздык-фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси;
|
| Джумашев Абдуламит Маджитовичке | – | “Жетиген” республикалык көп тармактуу коомдук журналынын башкы редактору;
|
| Досалиев Кубатбек Таштановичке | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Аксы райондук кинодирекциясынын директору;
|
| Дуйшенкулова Айтбюбюгө | – | М. Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн педагогу;
|
| Жороев Турабайга | – | акын, котормочу;
|
| Калыева Өктөм Аширбаевнага | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн мамлекеттик тил жана котормо боюнча жетектөөчү адиси;
|
| Кангельдиева Куляш Укеновнага | – | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу;
|
| Каркоцкая Эльвира Васильевнага | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын үн режиссерлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы үн режиссеру;
|
| Кирекечова Санаа Сапарбековнага | – | М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы;
|
| Коваленко Игорь Владимировичке | – | Европалык пресс-фото агенттигинин (ЕРА) фотокорреспонденти;
|
| Култаева Умут Баймуратовнага | – | “Υмүт Култаеванын “Тил билги” автордук жогорку мектеби” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
|
| Куронбаев Нарынбек Эркинбековичке | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Баластан” телеканалынын редактору;
|
| Молдогазиев Турганбайга | – | “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун музыка мугалими, хордун жетекчиси;
|
| Оморов Асыкбек Мамбетакуновичке | – | “Ала-Тоо мекенчил инсандары” коомдук кайрымдуулук фондунун директору;
|
| Ражабалиев Аскаралиге | – | жазуучу, Баткен шаарынын ардактуу атуулу;
|
| Таштемирова Диларамкан Камчыевнага | – | Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;
|
| Токтомушева Медина Абдрасуловнага | – | Ч. Базарбаев атындагы Бишкек шаардык хореографиялык окуу жайынын методист-хореографы;
|
| Турсуналы кызы Эльмаркулгө | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосунун” корреспонденти;
|
| Турусбеков Абдысадыр Исраиловичке | – | “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
|
| Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевичке | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын баяндамачысы;
|
| Шермур Марианна Владимировнага | – | журналист, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн начальниги; |