Айнаш Аширова «Кыргыз Республикасынын маданиятына  эмгек сиңирген ишмер» наамын алды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Актриса Айнаш Аширова “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды алды.

Наамды алгандардын тизмеси:

Аширова Айнаш Шамбетовнага Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Котормо” студиясынын үн режиссеру;

 

Байдуев Саткынбек Карабаевичке Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 1 инновациялык гимназия-мектебинин музыка сабагынын мугалими, Каракол шаарынын ардагерлердин аваздык-фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси;

 

Джумашев Абдуламит Маджитовичке “Жетиген” республикалык көп тармактуу коомдук журналынын башкы редактору;

 

Досалиев Кубатбек Таштановичке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Аксы райондук кинодирекциясынын директору;

 

Дуйшенкулова Айтбюбюгө М. Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн педагогу;

 

Жороев Турабайга акын, котормочу;

 

Калыева Өктөм Аширбаевнага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн мамлекеттик тил жана котормо боюнча жетектөөчү адиси;

 

Кангельдиева Куляш Укеновнага К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу;

 

Каркоцкая Эльвира Васильевнага Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын үн режиссерлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы үн режиссеру;

 

Кирекечова Санаа Сапарбековнага М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы;

 

Коваленко Игорь Владимировичке Европалык пресс-фото агенттигинин (ЕРА) фотокорреспонденти;

 

Култаева Умут Баймуратовнага “Υмүт Култаеванын “Тил билги” автордук жогорку мектеби” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

 

Куронбаев Нарынбек Эркинбековичке Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Баластан” телеканалынын редактору;

 

Молдогазиев Турганбайга “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун музыка мугалими, хордун жетекчиси;

 

Оморов Асыкбек Мамбетакуновичке “Ала-Тоо мекенчил инсандары” коомдук кайрымдуулук фондунун директору;

 

Ражабалиев Аскаралиге жазуучу, Баткен  шаарынын ардактуу атуулу;

 

Таштемирова Диларамкан Камчыевнага Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;

 

Токтомушева Медина Абдрасуловнага Ч. Базарбаев атындагы Бишкек шаардык хореографиялык окуу жайынын методист-хореографы;

 

Турсуналы кызы Эльмаркулгө Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосунун” корреспонденти;

 

Турусбеков Абдысадыр Исраиловичке “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевичке Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын баяндамачысы;

 

Шермур Марианна Владимировнага журналист, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн начальниги;