Айпери Кубик кызы балдары менен чет өлкөгө убактылуу көчүп кеткенин жазды

Ырчы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына балдары менен чет өлкөгө убактылуу көчүп кеткенин жазды.

«Жүз уктасам түшүмө кирбеген жаңылык болуп кетти. Балдарым менен чогуу чет өлкөгө убактылуу көчүп кеттик. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу болду»,- деген ырчы айым кайсы өлкөгө барганын тактаган жок.