Айпери Кубик кызы наристе күтүүдө

Ырчы Айпери Кубик кызы үчүнчү наристесин күтүүдө. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына келген каттарга жооп берип жатып билдирген.

Ырчы “Боюңузда канча айлык болуп калды? Ымыркайдын жынысын билдиңиздерби?” деген суроого, “Азырынча кичинекейбиз. Жакында билебиз буюрса. Ким болсо да алты саны аман, ыйманы менен берсин” деген жооп калтырган. Ошондой эле талгактан кыйналып, тамчылатма менен тамак жеп жүргөн күндөр болгонун да жазган.

Белгилей кетсек, Айпери Кубик кызы учурда эки уулдун энеси.

SUPERTV ырчынын аман-эсен көз жарып алышына тилектеш.