Ак калпак күнү белгиленет

Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш- чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш- чара өткөрөт.

Анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулат. Иш- чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Улуттук кийимдердин парады “Ала Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала Тоо” аянтына чейин созулат.

Салтанаттуу иш- чара 4-март күнү саат 10:00дө башталат.

5-март күнү Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.