«Акчаны 3-4 жыл чогулттум». Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болду

Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болду. Кубанычтуу кабарды СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы өзү менен байланышканыбызда билдирди.

«Майдын аягында 3 бөлмөлүү үй алдым. Буга 3-4 жыл акча чогулттум. Бата үйдө калсын деп жакындарымды чакырып, той бердим»,- деди ал.