АКШда жашаган ырчы Эрлан Андашев Бишкекте жеке концертин берет (видео)

Учурдун хитмейкери аталган ырчы Эрлан Андашев сентябрь айында Бишкекке келип жеке концертин берүүнү пландоодо. Ырчы мырза 10 жылдан кийин мекенине келген сапары тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

— Буюрса, жакынкы аралыкта Кыргызстанга үй-бүлөм менен барам. Эл, күйөрмандарым ошончо келгенден кийин концерт коюп кет деп суранышканынан 23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертимди берүүнү чечтим.  Концертти өткөрүүгө жардам берем, уюштурам дегендер болуп жатат. Алар менен сүйлөшүп, кеңешип, башкача, жогорку деңгээлдеги концерт уюштурайын деп жатабыз«, — дейт Эрлан Андашев.