Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды

Кечээ, 26-октябрда Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус тапшырып, өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кинотеатрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын баса белгиледи. Өз кезегинде режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачылыкка берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делаус мырзага ыраазычылык билдирди.