Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарына» көрсөтүлдү

Режиссер Актан Арым Кубат тарткан «Эсимде» тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясына талапкер болду. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Иш-чара 11-ноябрда Голд-Костто (Австралия) өтөт. Тасма үч номинацияда көрсөтүлдү: мыкты тасма, мыкты сценарий жана мыкты роль жаратуучу. 

2007-жылы түзүлгөн APSA сыйлыгы эл аралык сыйлыктардын арасында барган сайын маанилүү болуп, кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталууда. “Эсимде” тасмасы эс-тутумун жоготуп, бөтөн жерде 23 жыл азап чегип, мекенине кайтып келген Зарлык карыянын тагдырын баяндайт.