Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» кинофестивалынын жеңүүчүсү болду

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» кинофестивалынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу режиссёр өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, кинофестиваль 12-декабрдан 18-декабрга чейин Казакстанда өткөн.