Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Японияда болот

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” жаңы тасмасы 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өтө турган 35-Токио эл аралык кинофестивалынын (Япония) сынактык программасына чакырылды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Токио эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 1985-жылы өткөрүлгөн жана Эл аралык кинопродюсерлор ассоциациясынын федерациясы тарабынан бекитилген А классындагы эң мыкты 15 кинофестивалдын бири болуп саналат. Сынакка дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн 1500дөн ашык өтүнмөнүн ичинен Кыргызстан, Чили, Аргентина, Тунис, Испания, Япония, Италия, Вьетнам, Македония, Казакстан, Шри-Ланка, Кипр, Иран, Франция, Германиядан 15 тасма тандалып алынган.

Актан Арым Кубаттын тасмалары Япониянын кинофестивалдарына катышуу үчүн биринчи жолу чакырылып жаткан жок. 1998-жылы «Бешкемпир» тасмасы Токио эл аралык кинофестивалынын ююри сыйлыгын жеңип алса, 2017-жылы «Кентавр» тасмасы Tokyo Filmex эл аралык кинофестивалына катышкан. «Бешкемпир», «Маймыл», «Свет аке» жана «Кентавр» тасмалары Японияда кеңири прокатка чыккан.

“Эсимде” тасмасынын бет ачары 27-октябрда Япониянын борборунда, 29-октябрда жана 1-ноябрда да көрсөтүлөт.