Актёр Адил Урдинов «Толиктин окуялары» деген тасма тартат

Актёр, продюсер Адил Урдинов жаңы долбоорлордун үстүндө иштөөдө. Тагыраагы, ал Элдияр Кененсаров менен биргеликте иштешип, андан сырткары өзү жаңы тасма тартуу алдында турат.

“Тасма “Толиктин окуялары” деп аталат. Азыр сценарийи даяр болуп калды. Тартуу иштерин июнь айында баштайын деп жатабыз”, — дейт ал.

Ал эми Элдияр Кененсаров менен кандайча иштешип жатканын сураганыбызда, “Учурда таланттуу, бирок элге чыгууга, таанылууга мүмкүнчүлүгү жок жаштар көп. Биз аларды колдоо максатында, жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Эч кандай коммерциялык багытты көздөбөйбүз”, — дейт продюсер.