Актёр Алтын Бердигулов: «Жатаканада жашап жүргөнүмө 7 жыл болуп кетиптир»

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында десанттын ролун жараткан актёр Алтын Бердигулов уулу менен жатаканада жашайт. Алтын мырза үйүндө апасы менен маек куруп, жеке жашоосундагы эл билбеген кызык жагдайларды айтып берди.

«Жашообуз ушул жакта өтөт. Балам кичинекей кезинен ушул жерде өстү. Ушул жактан кете албай жүрүп эле 7 жыл өтүп кетиптир. Өзүм үйлүү болсом экен деп кыялданам. Кызмат кылсам жетем деген ойдомун. 5 миң сом төлөйм»,- деди ал.