Актёр Алтын Бердигуловдун апасы: «Келиним «тийбесем өлөм» деп жүрүп, балама турмушка чыккан»

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында десанттын ролун жараткан актёр Алтын Бердигулов уулу менен жатаканада жашайт. Алтын мырза үйүндө апасы менен маек куруп, жеке жашоосундагы эл билбеген кызык жагдайларды айтып берди.

«4 кыз, 2 эркегим бар. Бир уулум каза болуп калган. Кайненем, кайнатам менен чогуу жашап, балдарды карагандан кыйналган деле жокмун. Кичинесинде ооруп, 4 жашка чыкканда тили чыккан. Кайнатам чонойтту. Атам мени уулумду эркелеттирчү да, өптүрчү да эмес.  

Көп нерсени жашырат. Эч нерсесин айтпайт. Мурдагы жубайы менен өзүлөрү таанышкан. Уулум айылга барып калса, 10-классты бүтүп жаткан кыз жакшы көрүп калыптыр. Ал учурда уулум элге чыгып жүргөн убагы болчу. Кыздар кыйын жакшы көрчү. Кат эле жазып жүрүшчү. Тиги кыз жакшы көрүп калыптыр, 1 айга жетпеген убакыттан кийин «буга турмушка чыкпасам, өлөм» деп жатып, турмушка чыккан, бирок тигинтип кетип калганына таң калабыз. Өтө өкүнүчтүү», — деди апасы.