Актёр Алтын Бердигуловдун уулу Вахтанг: «Апамды тааныбай деле калдым»

Бул жолу студиябызга “Министрдин кызынын махабаты” тасмасында десанттын образын ойногон Алтын Бердигуловду уулу Вахтанг менен чакырдык. Актёр уулун жалгыз өстүргөнүн, бала чоңойтууда дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Уулу студияда атасынын бетинен өөп, ага ыраазычылык билдирди.

«Атам дайыма калпак кийип жүрөт. Үйдө 8-9 калпак бар. Атама ыраазычылык күн сайын айтам. Мен сизди аябай жакшы көрөм жана сыйлайм. Мен жалгыз калганда атам тойго кеткенде атамдын бар экенин сезип коркчу эмесмин. Башка эч кимдин деле кереги жок. Апамды тааныбай деле калдым. Мен деле көчөдө калып калган күндөрдү эстейм. Сиз жок болсоңуз мен эмне болмокмун?»,— деди уулу атасына.