Актёр Аскат Эрбаев «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын 4-бөлүгүнө тартылбаган себебин айтты

Учурда «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын 4-бөлүгү тартылып жатат. Бирок тасманын уландысында Жоробектин образын жараткан Аскат Эрбаевдин тасмага тартылуудан баш тартканын жазып чыгышкан.

Бул боюнча актёр Аскат Эрбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катып, тасмага тартылуудан баш тартпаганын жазды. «Тартылуудан баш тарткан жокмун. Баары режиссёрдун чечими болду. Так, чыныгы жооп ушундай. Анан ушактарга ишенип алып, мени жаман көрсөтүүнүн аракетин жасап жаткан арсыздарга көңүл бурбагыла. Чындык бул шибегени капка ката албагандай кеп», — деп жазды ал.