Актёр Аскат Эрбаев үчүнчү ирет ата болот

Актёр Аскат Эрбаев жана анын жубайы Аида Турдубаева үчүнчү наристесин күтүп жатышат.

Жубайлар социалдык тармактагы баракчасына “гендер пати” уюштурган видео менен бөлүшүштү. “Кудай буюрса, үйгө дагы бир быйтыйган наристенин келишин күтүп жатабыз. Кудайымдан наристебизди акыл-эси менен ден соолугун жакшы кылып бере көр деп суранабыз”,- деп жазды актёр.

Жубайлар учурда бир кыз, бир уулду тарбиялап жатышат.