Актёр Аскат Сулайманов: «Жолго, нанга акча жок калганда актёрлукту таштайм деген ой болгон»

Элдин көпчүлүгү «жыргал эле ушулардыкы» деп ойлошот. Элге жакшы гана нерсе чыгарганга аракет кыласың да. Үйдө кырылышып жатканыңды интернетке чыгарбайсың да. Бул тууралуу актёр Аскат Сулайманов маек берип жатып билдирди.

«Биздики деле май эмес да. Ушундай сонун болсо, 70 миң долларлык унаа албайт белем. Ушул унаамдын акчасынын жарым акчасын берип, жарымын насыяга алганымды эл билбейт да»,- дейт.

Ал ошондой эле бир жолу актёрлук кесипти таштайм деген ойлору болгонун айтты. «Жолго акча жок, үйдө нан жок, балдарым кичинекей алар нан жок ыйлайт. Алар менен кошо ыйлайм. Акча жок. Айлыгым театрда 400 сом болчу. Батирдин ижарасы 1 миң сом. Айдан айга карыз болом. Ушинтип эле жүрчүбүз. Анан ошондо «кетип тынбаса болбойт окшойт» деген ой келген. Ошол учурда Орусияга миграция күч алып турган. Бирок кетпей калганыма сүйүнөм. Кесиптештерим «убагы келет, азыр баары эле кыйналып жатпайбы» дешип, нанга акча берген күндөрү болгон»,- деди ал.