Актёр Азамат Исмаилов туристтер эмне үчүн Түркияны тандашарын айтты

Актёр Азамат Исмаилов учурда Түркиянын Анталья шаарында жүргөнүн, эмне үчүн туристтер Түркияны тандарын соцтармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, Түркияда сервис — адамга кылган мамиле жакшы. «Мисалы, бул жерде 50 долларга 5 жылдыздуу отелде бекер тамагы менен жашасаң болот. Андан тышкары, отелдин алдында рестораны, көлдүн үстүндө пирсте дагы бекер тамак жесең болот. Ошондой эле суунун жээги тосулбайт. Андан тышкары бул жерде тоноп, сабап кетмей деген жок жана арзан»,- деди ал.