Актёр Азамат Уланов ата болду

«Апамды издейм» тасмасы менен Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга да таанылган актёр Азамат Уланов менен жубайы ата-эне статусуна ээ болушту.

Актёр жубайы көз жарганын соцтармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Актёр Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн алдында никелешүү тууралуу күбөлүгү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, үйлөнгөнүн билдирген. Ал эми 6-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт той өткөн. Ушул жылдын башында наристе күтүп жатканын билдирип, «генде пати» уюшурушкан.