Актёр Бактыбек Нурмат уулу кырк жылкылуу болду

Актёр, каскадёр Бактыбек Нурмат уулу жана анын жубайы Алтынай Муканбет кызы кырк жылкылуу болушту. Ата статусуна ээ болгон Бактыбек сезимдерин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бөлүштү.

«Кечээ, 25-июнь күнү Алтынай кызыбызды жарыкка алып келди. Азыр кызым менен келинчегим дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат, абалдары жакшы. Ата болдуң дегендин өзү чоң сүр экен. Кубанычым коюнума батпай турган чагым», — деди Бактыбек Нурмат уулу.

Бактыбек менен Алтынай 2021-жылы ноябрь айында баш кошушкан.