Актёр Бектур Усенов ата болду

Актёр Бектур Усенов ата болду. Жакындары актёрду соцтармак аркылуу кырк жылкылуу болушу менен куттуктап жатышат.

Актёр Инстаграмдагы баракчасына түн узак өткөнүн жазып, жубайынын күчтүүлүгүнө суктанып, аны дагы бир жолу сүйүп калганын жарыялады.

Алар буга чейин «гендер пати» уюштурушуп, кыздуу болорун билишкен.

Бектур Усенов менен сүйүктүүсү Айзат Аскарбекова 2022-жылдын май айында баш кошушкан.