Актёр Бектур Усенов КВН учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады

Актёр Бектур Усенов КВН учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады. Сүйүктүүсү бийчи, хореограф Айзат турмушка чыгууга макулдугун берди.

Маалым болгондой, эки жаштын үлпөт тою май айына белгиленген.

Актёрдун сүйлөшкөн кызы «Он жылдык» тасмасына тартылган. Аталган тасманын жабык көрсөтүүсү учурунда сүйүшкөндөр SUPERTV’га мамилесин ачыктаган.